Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.04.2019 13:34 На русском

Ак-Сууда денеси табылган өспүрүмдүн эки досу ооруканада: Окуя кандай болгон?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында кечээ, 10-апрелде саат 13:00 чамасында 16 жаштагы өспүрүм баланын денеси Түргөн суусунун жээгинен табылган. Учурда аны менен кошо жүргөн эки досу ооруканада, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон Т.Н. 9-апрель күнү кечки саат 21:00дө ата-энесинен суранып үйүнөн чыгып кеткен. Ал 2003-жылы туулган Д.Э. жана 2005-жылы туулган К.У. аттуу достору менен бирге мечитке барып, ал жерден 23:00 чамасында чыгып кетишкен. Андан кийин 3 өспүрүм бала айылдын ичиндеги май куюучу жайдан 1 литр бензин сатып алышкан. Аны суунун жээгине барып жытташкан. Каза болгон К.Н. бензин жыттагандан кийин белгисиз тарапка кетип калган. Эки өспүрүм (чогуу жүргөн достору) түнкү саат 24:00гө чейин суунун жээгинде отурушуп, үйлөрүнө кетишкен.

10-апрель күнү Д.Э. жана К.У. ооруканага кайрылган. С. Бектуров атындагы Ак-Суу райондук ооруканасынын жетекчиси Эркин Урманаев аймактык кабарчыга учурда балдардын абалы турукташканын билдирди.

«Бизге балдар 10-апрелде саат 17:45те түштү. Бензин буусуна уланышкан деген диагноз коюлду (отравление парами бензина). Аларга дезинтоксикациондук терапия (адамдын организминен уу заттарды чыгаруу же зыянсыздандыруу) жардамын бердик. Учурда 2003-жылы туулган бала терапияда бөлүмүндө, 2005-жылы туулган өспүрүм балдар бөлүмүндө даарыланууда. Абалы турукташты», - дейт Э.Урманаев.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мектеп жамааты жоголгон баланы биринчилерден болуп издөөгө алган.

«К.Н. 9-апрелде мектепке келген. Ал сабакты калтырбаган бала болчу. Класс жетекчисинин айтымында, 10-апрелде ал сабакка келбей калган. Аны 11-класста окуган агасынан сураганда, ал иниси түндө үйгө келбегенин айткан. Ошондо класс жетекчиси соцпедагог менен баланын үйүнө барып, атасынан сурашканда атасы баласын издеп жатканын билдирген. Мектеп жамааты өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына окуя тууралуу кабарлашкан. Учурда милиция кызматкерлери менен бирге район аймагындагы мектептерди кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Малик Темиралиев.

----------------------------------------------

Turmush басылмасы кечээ, 10-апрель күнү Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында 16 жаштагы баланын жансыз денеси табылганын жазган.

Аталган айылдын тургундары каза болгон бала боюнча ар кандай пикирлерди айтышкан. Айрымдар өспүрүм бала эки досу менен бензин жыттап, андан кийин уктаган боюнча тоңуп калганын билдиришкен.

Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы дагы тастыктаган. Алардын маалыматына караганда, 9-апрель күнү Ак-Булак айылынын 2003-жылы туулган тургуну саат 13:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ата-энеси милицияга кечээ, 1

0-апрелде кайрылышкан. Айылдын аймактык тескөөчүсү менен баланын ата-энеси издөө иштерин жүргүзүшүп, анын жансыз денесин ошол эле күнү саат 13:00 чамасында Түргөн суусунун жанынан табышкан. Ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, алгачкы текшерүүдө баланын денесинде тактар байкалган эмес. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Анын жыйынтыгы чыкканда гана бала эмнеден каза болгону белгилүү болот. Азырынча өлүмдүн себебин айтуу мүмкүн эмес», - деп билдиришкен Ысык-Көл ОИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×