Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.04.2019 11:32

Каракол—Эңилчек унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, бир тараптуу каттам ачылды

Turmush -  Каракол—Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 7-апрелде саат 16:40 чамасында Каракол—Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) көлөмү болжол 12000 метр куб кар көчкү түшкөн. Учурда жол каттамы бир тараптуу ачык. Жолду кар көчкүдөн тазалоого Ак-Суу райондук №11 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылган.

10-апрель күнү жолду кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Унаа жолдун 36-чакырымында (Ак-Булак айылы) жана 118-чакырымында (Оттук чек ара посту) посттор уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×