Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.04.2019 08:43 На русском

Погончон айым: Прапорщик Р.Сыдыкова жоокерлерге кандай тамактар жасаларын айтып берди (сүрөт)

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2028 аскер бөлүгүнүн прапорщиги Райкүл Сыдыкова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1977-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы окуу жайда экономист адистиги боюнча билим алган. 2003-жылы окуу жайды аяктагандан кийин чек ара кызматында иштеп баштаган. Ар кандай кызматтарды аркалап, акыркы 3 жылдан бери жоокерлердин ашканасын жетектеп келет.

«Жоокерлер үчүн меню бир жумада бир түзүлөт. Дарыгерлер менен кеңешип, аны кесиптештер менен бирге түзөбүз. Анткени тамак ден соолукка пайдалуу жана курамында витаминдер болушу керек», - дейт ал.

Райкүл Сыдыкова өзү дагы жоокерлерге тамак жасап берет.

«Кесиптештерим менен кеңешип, жума күндөрү жоокерлерге үй тамагын жасап берүүнү салтка айлантып алганбыз. Жоокерлер деле апасы жасаган тамактарды сагынышат да. Андыктан аскер бөлүгүндө иштеген бардык айымдар кезектешип, ар жумада үй тамактарын жасап беребиз. Бири куймак, бири лагман сыяктуу тамактарды жасашса, жоокерлер сүйүнүп, апасынын тамагын жегендей болуп калышат.

Мен болсо дайыма плов басып берем. Бир жасаганда 17-20 килограмм күрүчтү чоң казандарга бир басам. Үйдө туугандар конок тоскондо дагы пловду мага жасатышат. Жоокерлер дагы мен жасаган пловду бир жума күтүшөт. Канчалык көп жасалса дагы бат эле желип калат», - дейт прапорщик.

Анын айтымында, ашканада ар кандай учурлар болот.

«Кээ бир жаш жоокерлер аскер бөлүккө жаңы келгенде айрым тамактарды жебей коюшат. Мисалы, айыл жергесинде эт, сүт менен чоңойгон балдар арпа менен жасалган тамак берилсе, «бул эмне?» деп сурашат», - дейт ал.

Райкүл Сыдыкова жолдошу Айбек менен бирге эки кызды тарбиялап келишет. Жолдошу анын аскердик жумушун түшүнүү менен кабыл алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×