Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуТүп району 10.04.2019 20:25

Түптүк окуучулар менталдык арифметикадан супер чемпион аталышты (сүрөт)

Turmush -  Менталдык арифметика боюнча Ташкент шаарында өткөн олимпиадада супер чемпион аталган Түп районундагы окуучуларды аким Э.Жантаев куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу менталдык арифметика боюнча мугалим Айбек Ашыров билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Ташкентте өткөн олимпиадада Түптөгү В.Кайкин жана С.Карымшаков атындагы орто мектептин окуучуларынан турган 4 окуучу катышып, ийгиликтерди жаратып келишти.

«Карымшаков мектебинин 6-классынын окуучусу Айбек Сыдыкбеков супер чемпион, Кайкин мектебинин 6-классынын окуучусу Аделина Тимурова чемпион, ушул эле мектептин окуучулары: 9-класстан Азим Мукашев 2-орунду, 7-класстын окуучусу Элдияр Максатов 3-орунду ээлешип, ата-энелеринин, окуткан мугалимдеринин ишеничтерин актап келишти», - деди А.Ашыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×