Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 10.04.2019 19:06

Балыкчыда окуучулар менен студенттер КВНде мелдешти (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында окуучулар жана студенттер арасында КВН оюну өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, оюнга шаардагы 10 мектептин, Т.Ибраев атындагы кесиптик лицейдин, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы колледждин командалары катышты. Жалпы 13 команда саламдашуу, музыкалык сынак, үй тапшырма, суроо-жооп тапшырмаларын аткарышкан.

Иш-чара Балыкчы шаардык муниципалдык жаштар ордо борбору тарабынан уюштурулду. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орунду №4 гимназия мектебинин «Максимум» командасы, 2-орунду №10 мектептин «Соң-Көл сити» командасы, 3-орунду №22 кесиптик лицейдин «Студенттер» командалары алышты. Ошондой эле «Мыкты оюнчу» номинациясына Кубанычбек Айдарбеков ээ болду. Ал эми «Мыкты тамаша» номинациясы «Студенттер» командасына ыйгарылды.

Жеңүүчү командаларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×