Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 10.04.2019 16:29

Өзгөчө ысым: Кайын журтум атымды укканда ырыстуу келиндүү болдук дешкен, - Р.Тукешова (сүрөт)

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түп районунун 48 жаштагы тургуну Рымкан Тукешова. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ага бул ысымды чоң атасы ыйгарган.

«Чоң атам эл арасында кадыр-баркы бар, акылман киши болгон экен. Мен төрөлгөндө кубанып, атымды Рымкан деп коюп, «ушул кызым улуттук каада-салттарды аздектеп, ырым-жырымдарды кармаган кыз болсун» деп тилек кылган экен. Кыргыздар байыртадан бери эле табият менен таттуу мамиледе болуп, тоо-таштарга сыйынып, кастарлап, көп ырым-жырымдарды кармап келишкен. Ошондой ырым-жырымдардын айрымдары азыр да өз маанисин жоготпой, эл турмушунда учурайт. Чоң атам жакшы тилек менен мага ушундай ысым ыйгарганына ыраазымын», - дейт Рымкан Тукешова.

Анын айтымында, ал 30 жылдан бери медицина тармагында эмгектенет.

«Үй-бүлөдө 10 (6 кыз, 4 эркек) бир тууганбыз. Кыздардын баарына Бурулкан, Турумкан, Рымкан, Рыскан деп уйкаштырып ат коюшкан. Жаңы келин болуп келгенде атымды уккан кайын журтум «ырыстуу келиндүү болдук» деп кубанышкан эле. Азыр өзүм 4 баланын, эки неберенин энеси болдум», - деди Рымкан Тукешова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×