Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.04.2019 14:01

Казакстандын элчиси К.Кокрекбаев Ысык-Көлдө ишкерлер менен жолукту (сүрөт)

Turmush -  Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев Ысык-Көл районуна келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-апрелде Ысык-Көл райондук администрациясында жолугушуу болуп, ага элчи Карим Кокрекбаев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, райондун акими Данир Иманалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймактардын башчылары, эс алуучу жайлардын директорлору, жеке ишкерлер жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун алкагында, эки өлкөнүн ортосундагы экспорт жана импорт маселелери каралып, өз ара пикир алмашуулар жүрүп, түрдүү маселелер талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×