Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуТоң району 10.04.2019 12:10 Жаңыланды: 10.04.2019 18:08

Жеңеке: Жайлоодогу жашоо Бактыгүлдү кой союп, этти устукандаганга үйрөттү (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылынын 27 жаштагы тургуну Бактыгүл Камчыбекова айылдагы бала бакчада ашпозчу болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бар-Булак айылынын тургуну Рыскелди уулу Токтобердиге 18 жашында турмушка чыккан.

«Үй-бүлө кургандан кийин мал менен жайлоого чыгып жүрдүк. Ал жактан уй, бээ саачубуз. Мен ага чейин айылда уй сааганым менен өмүрүмдө бээ саап көргөн эмесмин. Кийин кайын энемдин сааганын көрүп, алгач жоош бээни саап, акырындык менен үйрөнүп алдым. Жайлоодогу жашоо баарына үйрөттү. Кой сойгонду жана этти устукандаганды дагы өздөштүрдүм. Ичеги-карын артып, алардан түрдүү тамактарды жасайм. Жайлоого көнүп алсаң, кайра келгиң келе берет. Тоо койнундагы жашоонун өзүнүн кызыктары бар.

Учурда айылдагы бала бакчада ашпозчу болуп эмгектенип келем. Мындан тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенип, кышкысын байпак сыяктуу буюмдарды токуйм. Кандай иш баштабасам дагы жолдошум мени дайыма колдоп турат. Келечекте ашпозчулук кесибиме байланыштуу чакан ишкана ачсам деген планым бар.

Жолдошум болсо спортко жакын, топ ойногонго кызыгат. Кечкисин машыгуучу залга барат. Ар кандай мелдештерге катышып, грамота жана медалдарга ээ болгон», - дейт Б.Камчыбекова.

Жубайлар эки уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×