Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.04.2019 10:20

Кар көчкү түшкөн Каракол—Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды

Turmush -  Каракол—Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 7-апрелде саат 16:40 чамасында Каракол—Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымына (Чоң-Ашуу ашуусу) көлөмү болжол 12000 метр куб кар көчкү түшкөн. Жол каттамы убактылуу жабылган. Кар көчкүнү тазалоого Жети-Өгүз райондук №3 ЖТИден 1 бульдозер, Ак-Суу райондук №11 ЖТИден 1 бульдозер тартылган.

«9-апрель күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, унаа жол бир тараптуу ачылган. Учурда жолду кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Унаа жолдун 36-чакырымында (Ак-Булак айылы) жана 118-чакырымында (Оттук чек ара посту) посттор уюштурулган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×