Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 10.04.2019 09:56

Чолпон-Атада көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынат (сүрөт)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, рейдге шаардык мэриянын өкүлдөрү, Мамэкотехинспекциясынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, мыйзамсыз курулуштарды, парктык-пляждык тилкелердин тазалыгын, туристтик сезонго даярдыктарын текшеришти.

Рейд учурунда мыйзамсыз салынган мейманканалардын, жеке үйлөрдүн ээлерине эскертүү берилип, жакын арада бул курулуштар алына турганын билдиришти. Рейд учурунда 5 парктык-пляждык тилке текшерилип, көп жерде таштандылар чыгарылбай жаткандыгына байланыштуу алардын ээлерине эскертүү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×