Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.04.2019 09:35

Жети-өгүздүк окуучулар эсеп чыгаруу боюнча Ташкенттеги сынакта жеңүүчү болушту (сүрөт)

Turmush -  Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча сынакта Жети-Өгүз районунун окуучулары мыкты деп табылды. Бул тууралуу окуучулардын мугалимдери билдиришти.

Маалым болгондой, сынакка Кыргызстандан жалпы 150 окуучу барган. Анын ичинен Жети-Өгүз районунан барган 26 окуучу 5-14 мүнөткө чейинки аралыкта 130 эсеп чыгарып, мыкты деп аталышты.

Жети-Өгүз районунан барган 26 окуучунун төртөө супер чемпион аталса, калгандары 1-2-3-орундарга ээ болуп, диплом жана кубок, медалдарга ээ болушту.

Мугалимдердин белгилөөсүндө, окуучулар буга чейин да бир катар эл аралык мелдештерде ийгиликке жетип келишкен. Учурда кийинки сынакка даярданып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×