Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.04.2019 13:26 Жаңыланды: 20.04.2019 19:26

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк А.Жумадылова үйдө отуруп киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Зындан айылынын 34 жаштагы тургуну Айзада Жумадылова кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Зындан айылындагы А.Сызыкбеков орто мектебин аяктаган соң, 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинен жогорку билим алган.

«Кичинекей кезимде апамдын жаңы алган жоолугун кескилеп, толтура баштык тигип койгонум эсимде. Сырттан кирип келген апам урушайын деп жатканда атам токтотуп калып, ал мени аябай мактаган болчу. Балким ошол мага чоң стимул болсо керек. Мектеп жашына жете электе эле кийимдердин туш келди жерине топчу кадай берчү экенмин. Кошуналар күлүп, атам топчулары бар кийим менен конокко барганын айтып калышат», - дейт ал.

Анын айтымында, учурда бул кол өнөрчүлүк ага киреше алып келүүдө.

«Алгач кол өнөрчүлүк менен пайда табуу үчүн алектенип баштаган жокмун. Тактап айтканда, бала кезимде үй жыйноо, тамак жасоого кандай аралашсак, кол өнөрчүлүк дагы ошол иш сыяктуу кабыл алынчу. Анткени, апам мугалимдик кесип менен бирге эле айылдын элине кийим-кечек тигип берип, кошумча киреше тапчу.

Учурда мен дагы ар кандай буйрутмаларды кабыл алам. Акыркы убактарда улуттук кийимдерге болгон суроо-талап көбөйүүдө. Даяр болгон кийимдерди Каракол шаарынын борбордук базарына чыгарам. Бирок азыр жардамчым жок болгондуктан үйдө отуруп тигүүгө туура келип жатат. Эки күндө бир чапан тигем. Кездемени базардан эле сатып алам. Кээ бир кардарлар өздөрү алып келишет. Чыптамалар 700 сомдон, чапандар 1300 сомдон жогору. Ал эми айымдардын түрдүү сумкаларын 300 сомдон сатам.

Эки уулум, бир кызым бар. Төртүнчүсүн күтүп жатабыз. Келечекте кыз-келиндерге жумуш ордун түзсөм деген максатым бар», - деди Айзада Жумадылова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×