Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.04.2019 11:33

Ысык-көлдүк Капар Ургазиевди жакындары 21 жылдан бери издеп келишет (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында 1963-жылы туулган Капар Ургазиев дайынсыз болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын жээни Салтанат Бейшекеева билдирди.

Анын айтымында, Капар Ургазиев 1998-жылдан бери изделүүдө.

«Таякем Ургазиев Капар Качкынбаевич дайынсыз болгонго чейин эле жубайы менен ажырашкан экен. Бир баласы бар. Таене жана таятамдар менен бирге жашачу. Тилекке каршы алардын көзү өтүп кетти. Таякем болсо 1998-жылдын июнь айында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Эч кимге эч нерсе деп айткан эмес. Ушул күнгө чейин дайынсыз болуп келет.

Буга чейин милицияга деле кайрылганбыз. Бирок жыйынтык чыкпай келет. Аны көргөндөр болсо бизге кабарлап коюуну өтүнөбүз», - деди жээни С.Бейшекеева.

Байланыш телефону: (0709) 61 98 99.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×