Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.04.2019 15:40 На русском

«Жеңеке»: Кой, уй жана карышкыр сойгонду билем, - Ысык-Көлдүн келини Гүлзат (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 33 жаштагы тургуну Гүлзат Карабаева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча экономист. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин 24 жашында турмушка чыккан.

«Жолдошум Бакыт Кошалиев 1982-жылы төрөлгөн. Жолдошум менен аяш апам тааныштырган. Себеби мен аяш апамдардын үйүндө жатып окучумун. ТАанышкандан кийин эки ай сүйлөшкөн соң ал мени Ысык-Көлгө конокко чакырды. Конокко өзүм эле эмес инилерим болуп барып, бир жума жүрдүк. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, кийинчерээк баш коштук», - дейт Гүлзат Карабаева.

Ошондой эле ал жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Жаңы келин болуп келгенде үйдөн конок үзүлбөйт эмеспи. Үй жумуштарынан бошой албай, жолдошума: «короону шыпырып койчу» десем, ал: «Оштун кызын алсам болмок экен» деп тамашалап жооп берди. Мен болсо: «азыр деле кеч эмес, алып кел!» деп жатсам кайын энем жолдошумду урушуп, мага болушуп кирди. Мен кайра «мейли, алып келсин. Мен ага кайын эне болуп алайын» деп айта коём деп мен дагы уруш жегеним эсимде.

Кош бойлуу кезимде ачуу тамак ичким келип, тамакка мурчту көп салчу экенмин. Бир күнү кайын энем: «Балам, тамакка мурчту аз кошчу, атаң тамак иче албай калды» дегенде ыңгайсыз болдум эле», - деди ал.

Гүлзат Карабаева жайкысын жайлоого чыгып, мал багышарын айтат.

«Биз 5 жыл жайлоого чыгып, мал бактык. Уй, бээ сааганды жакшы билем. Андан тышкары, кой, уй сойгонду өздөштүрдүм. Анан жолдошум мергенчилик кылып жүрүп, карышкыр көп атты. Аны менен бирге карышкыр союшуп жүрүп, карышкыр сойгонду да үйрөнүп алдым», - деди ал.

Гүлзат Карабаева төрт баланын энеси. Аларды жогорку билимдүү кылып, мыкты инсан болуп чоңоюшуна салым кошуу башкы максаты экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×