Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.04.2019 12:24

Балыкчыда волейбол боюнча ачык биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында машыктыруучу болуп эмгектенген Эмис Сейитказиевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча ачык биринчилик өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, биринчиликке №20636 аскер бөлүгүнүн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Т.Ибраев атындагы №22 кесиптик лицейдин, шаардык оорукананын, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо ишканасынын, шаардык кеңештин жана мектеп окуучуларынын командалары катышты. Мелдеш Эмис Сейитказиевдин эң биринчи окуучулары Азиз Нартажиев, Чолпонбек Азиров, Сапар Исмаилов, Элдияр Асаналиев, Акыл Калпатаев тарабынан уюштурулган.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо мекемесинин командасы, 2-орунду ӨКМдин Балыкчы шаардык бөлүмү, 3-орунду шаардык кеңештин командалары ээлешти.

Жеңүүчү командаларга кубок, диплом, медаль, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары, «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты коргоочу» номинациялары дагы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×