Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.05.2019 22:00

Погончон айым: Капитан Н.Азаева жаш жоокерлерди аскердик жашоого бат көндүрүүнү билет (сүрөт)

Turmush -  «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Байрасы уулу Кыдыр Аке атындагы №2028 чек ара бөлүгүнүн каржы кызматынын офицери, капитан Назгүл Азаева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1981-жылы Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алып, тарыхчы, андан кийин экономист кесибине ээ болгон.

«Чоң атам Турсунаалы Россиянын Хабаровск шаарынан билим алып келген аскер адамы болгон. Үйдө анын аскердик баш кийими илинип турчу. Мен аны кийип алып, аскер адамы болсом деп кыялданчу элем. Кийин экономист кесибине ээ болгондо 2006-жылы чек ара кызматына келип, ишке орноштум. Кыялданган аскер кийимин азыр сыймыктануу менен кийип, дайым мекендин кызматындамын», - дейт ал.

Анын айтымында, ар бир аскер адамы мекенди коргоо үчүн берген антына бекем болушу керек.

«Иш ант берүүдөн башталат. Биринчи жолу курал кармап, катарда басып, ант берүү аземине даярданганым дайыма эсимде. Мекен алдында берген антты аскер адамы эч качан унутпашы керек», - дейт ал.

Назгүл Азаева учурда облустагы аскер айымдар кеңешинин төрайымы.

«Көбүнчө жаш жоокерлер менен иштешебиз. Алар аскердик жашоого бат аралашып, көнүп кетсин деп аракет кылабыз. Мисалы, мен жаш жоокерлерге жаңы келгенде сүрөт тарттырып көрөм. Себеби, биз окуу жайда психология сабагын окуганбыз. Сүрөт аркылуу жоокер мүнөзүн, психологиялык абалын чагылдырат. Бирок аны сыр кылып, эч кимисине айтпайм. Мындай ыкма жоокерлер менен бат тил табышууга өбөлгө болот», - дейт ал.

Назгүл Азаева аскер айымдары арасындагы республикалык сынакка катышып, 7 облустун ичинен «Мыкты бийчи» наамын утуп алган.

«Жаңы келген жаш жоокерлердин арасынан таланттарды тандайбыз. Анан алар менен кызматы бүткүчө иштешип, ар кандай иш-чараларга катышабыз. Жоокерлер келгенде аскердик тил менен сүйлөөгө үйрөнүшөт. Анан жай отуруп сүйлөшүп калганда «мурда ырдачу белең?» деп суроо узатсам дагы жоокер тура калып, «так точно!» деп жооп берет. Жай отуруп, жалпак тил менен сүйлөшөлү десең деле жоокерлер суроо бергенде ордунан тура калышып, аскердик тартип менен жооп берип күлдүрүшөт», - дейт ал.

Капитан өлкө боюнча «Песни пляски» сынагында улуттук жана башка бийлерди бийлеп, «Мыкты бийчи» наамына ээ болгон. Ал үй-бүлөдө 4 бир тууган. Учурда 3 жаштагы кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×