Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.04.2019 19:44 На русском

«Тойота Прадо» эже-сиңдини, баланы сүзүп өлтүрдү: Айдоочу жоопко тартылабы?

Turmush -  Ысык-Көл облустук соту эки аялдын жана бир кичинекей баланын өмүрүн алган жол кырсык боюнча козголгон кылмыш иштин материалын карап чыкты.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын тургуну М.Ж. 24-октябрда саат 18:30 чамасында «Тойота Ленд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унаа менен Ысык-Көл районунун Ананьев айылынан Бишкек шаарын көздөй чыккан. Балыкчы—Каракол унаа жолунун 50-чакырымында 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Алар — Чок-Тал айылынын 1980-жылы туулган тургуну А.С., анын 1981-жылы туулган эжеси А.Ж., жана 2016-жылы туулган Н.Э. Үчөө тең жол кырсык болгон жерде каза болушкан.

Ысык-Көл райондук сотунун 2018-жылдын 30-январындагы чечими менен унаанын айдоочусуна КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен айып тагылган. Бирок ал 28-берененин 1-бөлүмүнүн 12-пункту (Кылмыш далалаты) менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, иш өндүрүштөн токтотулган. Мындай чечимге апелляциялык даттануу келтирилген.

Бир жыл өткөндөн кийин 2019-жылдын 20-январында биринчи инстанциядагы соттун чечимине карата кассациялык арыз менен Ысык-Көл облусунун прокурорунун жардамчысы кайрылган. Ал соттун чечимин жокко чыгарууну жана материалды Ысык-Көл райондук сотуна жиберүүнү өтүнгөн.

Кассациялык арызда айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузгандыгына байланыштуу 3 адамдын өмүрү кыйылганы жана 7 бала энеси жок калганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле, жабырлануучу тараптан каза болгон аялдардын энеси башкы прокурордун атына кат менен кайрылып, анда соттун чечимин жокко чыгарууну жана күнөөлүү айдоочуну мыйзамдын негизинде жоопко тартууну өтүнгөн.

Сотто жабыркаган тараптын жактоочусу каза болгон эки адамдын энесинин жазган тосмо арызын көрсөтүп, анда жактоочу тексттин жазылганына көңүл бурган. Ал тосмо арыз туура жазылганын бирок кол тамга башка адам тарабынан коюлганын айткан. Жабырлануучу тараптын жактоочусу адам өмүрүн алган жол кырсык адам өлтүргөн кылмышка барабар экенин айтып, эки тарап элдешкенде гана күнөөлүү жазаланбай турганын белгилеген.

Облустук сот иштин материалын карап чыгып, 2019-жылдын 25-мартындагы чечими менен ишти кассациалык өндүрүштөн кыскартты. Мындай чечим Кылмыш-процессуалдык кодексинин 373-беренесинин 5-бөлүмүнүн 14-пунктунун негизинде кабыл алынды. Анда айыпталып жаткан адамды актоо же ишти токтотуу боюнча чыгарылган чечимди кайра карап чыгуу ал күчүнө киргенден кийин бир жылдын ичинде мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Окуя тууралуу

Балыкчы—Каракол унаа жолунун 50-чакырымында «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, үч адам көз жумду.

Маалым болгондой, Ананьев айылынан Бишкек шаарын көздөй багыт алган унааны Бишкектин 1985-жылы туулган жашоочусу башкарып бара жаткан.

Адам өмүрүн алган окуя 24-октябрда саат 20:30 чамасында болгон. Жабырлануучулар унаа сүзгөн учурда жолдун четинде турушкан. Каза болгон адамдардын бири — 1 жаш 9 айлык кыз. Ал эми, 1980-жылы туулган А.Саадат менен 1981-жылы туулган А.Жанат бир тууган эже-сиңдилер. Үчөө тең окуя болгон жерде каза болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×