Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.04.2019 15:54 На русском

Балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайлардын балдары фостердик үй-бүлөдө багылат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында көлгө балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жубайлар — Юрий Новиков менен Роза Новикованын балдары багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы Манас Алымов маалымдады.

Анын айтымында, учурда бул боюнча документтер даярдалып жатат.

«Жубайлар табылгыча алардын эки баласын Кызыл-Суу айылындагы фостердик үй-бүлөгө убактылуу жайгаштырып турабыз. Азыр алар таежеси Айзат Токтогулованын үйүндө. Документтери даярдалып жатат. А.Токтогулованын документи жок болуп жаткандыктан, аны даярдоого убакыт керек болууда. Ата-энесинин сөөгү табылып, соттук-медициналык эксперттер бүтүм чыгармайынча асыроого берилбейт экен», - деди М.Алымов.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын 28-февралында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында көлгө балык уулоого кеткен Юрий Новиков менен Роза Новикова дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштери 7-мартта кечки саат 18:00 чамасында токтотулуп, Бишкектен, Каракол шаарынан келген суучулдар кетишкен.

Айылдаштарынын айтымында, изделип жаткан жубайлар — Новиков Юрий 1980-жылы, Новикова Роза 1978-жылы туулган. Алардын улуу кызы Диана 8-класста, кичүү уулу Данил 2-класста окуйт. Бул үй-бүлө аз камсыз болгондуктан жубайлар буга чейин жалданма иштерге чыгып, 2 баласын багып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×