Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.04.2019 15:12

Балыкчыда Апрель революциясына карата марафон өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата жаштар коомдук бирикмелеринин мүчөлөрүнүн, мугалимдердин, окуучулардын жана студенттердин катышуусунда марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара мэриянын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулду. Анда марафончулар З.Шарипов көчөсүнөн шаардык мэриянын алдына чейин бир жарым чакырым аралыкка чуркашты.

Жыйынтыгында эркектер арасындагы марафондо 1-орунду Элдар Нурбек уулу, 2-орунду Султан Жунушов, 3-орунду Кубанычбек Айдарбеков алышса, кыздар арасында 1-орунду Аяна Алиева, 2-орунду Айбек кызы Акжолтой, 3-орунду Нурия Эсенбаева ээлешти. Аларга диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×