Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.04.2019 13:48

Балыкчыда Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата митинг-реквием өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев, биринчи вице-мэр А.Табалдиев, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, Апрель революциясынын ардагерлери жана мектеп окуучулары катышты.

Алгач 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырларга арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду. Андан кийин бир мүнөттүк эскерүү болуп, аскерлер үч жолу залп атышты. Курман болгондорго багышталып куран окулду. Маданият үйүнүн кызматкери С.Тилекматов жана №4 гимназия мектебинин окуучулары көркөм окуп, андан соң шаар башчыларына, шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаевге сөз берилди.

«2010-жылдын 7-апрелинде миңдеген кыргызстандыктар үй-бүлөлүк бийликке, зомбулукка, адилетсиздикке каршы көтөрүлгөн. Өлүмдөн коркпой, тике туруп, окко көкүрөктөрүн тоскон баатырлар эч качан унутулбайт. Элдин кызыкчылыгы, санаасы, көйгөйү менен жашаган бийлик гана элдин колдоосуна ээ болоорун турмуш көрсөттү. Көптөгөн эр-азаматтар курман болушту.

Балыкчы шаарынан Ш.Кулакунов жана А.Бектуров эл-журттун келечеги үчүн шейит кетишти. Алардын үй-бүлөлөрүнө, бир туугандарына шаардык кеңештин депутаттарынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Элибизде мындан ары дайыма тынчтык, ынтымак болсун. Өлкөбүздүн, шаарыбыздын өнүгүүсүнө баарыбыз өз салымыбызды кошолу», - деди К.Сартбаев.

Андан соң Апрель окуясынын баатырларына акчалай сыйлыктар тапшырылып, баатырларга сөз берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×