Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.04.2019 11:20 На русском

Ысык-Көлдө үй-бүлө жол кырсыкка кабылып, айдоочу мерт кетти. Окуянын чоо-жайы (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунда жол транспорт кырсыгы катталып, бир адам каза болду.

ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн маалыматына караганда, жол кырсык 31-мартта Балыкчы—Ананьев— Каракол унаа жолунун 139-чакырымында, Жаркынбаев жана Өрүктү айылынын ортосунда катталган.

Бишкек шаарынын 1979-жылы туулган тургуну Ж.С. «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан «Мерседес Бенц 308» унаасын сүзүп алган. Аны Түп районунун Ичке-Суу айылынын 1970-жылы туулган тургуну К.Н. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «БМВ Х5» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми аймактык ооруканага «БМВ Х5» унаасынын жүргүнчүлөрү — 1985-жылы туулган К.Н., айдоочунун аялы, 2009-жылы туулган кызы Н.А., 2011-жылы туулган уулу Н.Б., Бишкек шаарынын 1975-жылы туулган тургуну Э.Н., ошондой эле «Мерседес Бенц 308» унаасынын 1976-жылы туулган айдоочусу А.Н. жеткирилген.

Ал эми «Мерседес Бенц 308» унаасынын айдоочусунун айылдаштары жол кырсык тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып беришти.

Алардын айтымында, «Мерседес Бенц 308» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу К.Нурбек Түп районунун Ичке-Суу айылынан болот. Анын 1 уулу, 4 кызы бар. Жубайы А.Назгүл экөө сүттү кайра иштетүүчү ишканада иштешет.

«Ошол күнү экөө адатынча элден сүт чогултканы Ананьев айылына бара жатышкан экен. Жаркымбай айылы менен Өрүктү айылынын ортосуна жеткенде «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыгып, эки унаадан ашып өткөн соң «Мерседес Бенц 308» унаасын сүзүп кеткен. Ал эми «БМВ Х5» унаасынын айдоочусу аялы жана эки баласы менен бара жаткан.

Алар Бишкек шаарынан Григорьев айылына конокко келишип, ал жактан Өрүктү айылына ысык сууга түшүү үчүн бара жатышыптыр. Аялы кош бойлуу болгондуктан күйөөсүнүн каза болгонун ага айтышкан эмес.

Учурда Нурбектин буту сынып, өпкөсү жабыркап, облустук ооруканада жатат. Аялынын жамбашы сынган деп айтышууда. «БМВ Х-5» унаасынын айдоочусунун жубайынын абалы дагы оор деп жатышат», - дешти айылдаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×