Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 03.04.2019 14:27

Казакстандагы эл аралык сынакта Балыкчынын комузчулары 2-орунду ээлешти (сүрөт)

Turmush -  Казакстанда өткөн «Астана жылдыздары - 2019», «Жаз музыкасы» аттуу VII эл аралык сынак-фестивалында Балыкчы шаарынын «Жаш тилек» комузчулар ансамбли 2-орунду ээлеп келишти. Бул тууралуу аталган комузчулар ансамблинин жетекчиси, Б.Миңжылкыев атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалими Эрмек Талгартбеков билдирди.

Анын айтымында, сынак-фестивалга 7 мамлекеттен катышуучулар келишкен. Анда комузчулар М.Борбиевдин «Таң булбулу» жана Н.Борошевдин «Кара өзгөй» аттуу күүлөрүн аткарышкан.

«Балыкчы шаарынан сынак-фестивалга он бир адам барып, 13 медаль алып келдик. Нурсултан Абдрасулов жана Адина Жоробековалар кенже категориядагы дуэт боюнча чыгышып, Атай Огонбаевдин «Ак тамак, көк тамак» деген күүсүн чертишип, 3-орунга ээ болушту. Ал эми чоңдор арасындагы сынакта өзүм Шекербек Шеркуловдун «Үч муунак» деген күүсүн аткарып, 1-орунду алдым.

Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн Аяна Борончуева, Улукмырза Кадыров, Жанар Бусурманова, Мунира Темирбекова, Нурсултан Турдалиев, Адина Жоробекова, Нурсултан Абдрасуловдор ардак грамота менен сыйланышты. Сынак-фестивалга Бишкектен «Келечек» комузчулар ансамбли дагы барды», - деди Э.Талгартбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×