Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 03.04.2019 13:10

Балыкчыда жиу-житсу боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында жиу-житсу боюнча республикалык турнир болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, турнирге башка облустардан келген 300дөй спортчу катышты. Анда 22 кг салмактан жогорку 40 жашка чейинки катышуучулар күч сынашты.

Ысык-Көл облустук жиу-житсу федерациясынын вице-президенти Эрик Жамакуновдун айтымында, акыркы убакта спорттун бул түрүнө кызыккан жаштар көбөйүүдө.

«Жиу-житсу боюнча мындай чоң масштабдагы турнир Ысык-Көл облусунда биринчи жолу өтүп жатат. Анын жыйынтыгында Балыкчы шаарынын спортчулары командалык эсепте 2-орунду алышып, 8 алтын, 7 күмүш, 4 коло медалга ээ болушту. 1-орунду Бишкек шаарынын командасы, ал эми 3-орунду Тоң районунун Кара-Талаа айылынын командасы алышты», - деди Э.Жамакунов.

Ал белгилегендей, учурда Ысык-Көл облусунан 4 спортчу ушул жылдын 19-20-апрель күндөрү боло турган дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×