Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.04.2019 17:04

301 986 сомдук чыгым: Ысык-Көлдө 475 түп бакты кыйып кетишти. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 475 түп бакты эч кандай уруксат кагазы жок кыйган жаран аныкталды, деп аймактык кабарчыга Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Ысык-Көл районунун Ананьев айылдык кеңешинин депутаттары Мамэкотехинспекцияга мыйзамсыз бак кыюу болуп жаткандыгы тууралуу кайрылышкан. Инспекциянын адистери тарабынан жеринде ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, 475 түп бак эч кандай уруксат кагазы жок С.Эмил аттуу жаран тарабынан кыйылгандыгы аныкталган. Жеринде акт түзүлүп, түшүнүк кат алынып, келтирилген чыгым 301,986 сом деп эсептелди.

Андан соң бардык материалдар чогултулуп, укуктук жактан баа берүү үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×