Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.04.2019 09:07 На русском

Ысык-Көлдүн тургуну 25 жаштагы баласы зордукталгандыгын айтып милицияга арыз жазды

Иссык-Кульская область
Иссык-Кульская область

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлери 25 жаштагы жигиттин зордукталышы боюнча фактыны иликтеп жатышат. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, февралдын орто ченинде милицияга Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги айылдардын биринин 52 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өзүнүн 25 жаштагы баласы Айбекти (аты өзгөртүлдү) белгисиз адам күч колдонуп суу жээгинен зордуктаганын билдирген. Иликтөөнүн алкагында бир катар экспертизалар (соттук-психиатриялык дагы) дайындалган. Бул кылмышка шектелип, жабырлануучунун 22 жаштагы кошунасы Марат (аты өзгөртүлдү) кармалды. Бирок Марат аны зордуктабагандыгын, Айбек психикалык жактан ооругандыктан бардыгын оюнан чыгаргандыгын билдирген.

Март айынын этегинде Марат бул кылмышка шектелип кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул аракеттер Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен каралат.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган факт болгонун тастыктап, 19-февралда атасы арыз менен кайрылгандыгын жана ал өз арызында 10-февралда уулун бир жигит зордуктаганын билдиргенин маалымдады.

«Соттук-медициналык экспертиза жыныстык катнаш болгонун көрсөттү. Соттук-психиатриялык экспертиза жабырлануучу өзүнүн көрсөтмөсүндө бул чындыкка дал келерин айткан. Соттук-биологиялык экспертиза азырынча даяр боло элек», - деп билдиришти ОИИБден.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү адам Каракол ШИИБдин СИЗОсуна киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×