Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Нарын облусуАт-Башы району 23.04.2019 16:52 На русском

Тагдыр: Майып арабада отурган Акмаралды классташтары күндө мектепке жеткирип турушат (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын 17 жаштагы тургуну Жунусбек кызы Акмаралды классташтары күндө мектепке алып барып, кайра үйүнө жеткирип турушат.

Акмарал азыркы учурда Калининдеги Т.Адыранов атындагы орто мектепте 10-класста билим алып жатат.

«Жакында эле үчүнчү жолу операция болуп чыктым. Кичинекей кезимде жакшы эле басчумун. Кийин кальцийдин жетишпегенине байланыштуу акырын эле жыгылып кетсем буттарым сына берчү. Дарыгерлер 16-17 жашыңда сөөк катып калат, операция жасайбыз дешкен. Мына эми операция үчүнчү жолу жасалды. Алдыда дагы эки операция бар. Кичинекей кезимден бери Бишкек шаардык №4 ооруканага барып, дарыланып келе жатам. 6 жашымдан баштап майып арабага отуруп калдым.

Кыйынчылыктар көп эле учурда болот. Мен үчүн кышкысын мектепке баруу кыйын. Мага көбүнчө классташтарым жардам берет. Алар мени майып араба менен алып барып, кайра үйүмө алып келип турушат. Көбүнчө классташ кыздарым, алар бошобой калганда классташ балдар үйүмө жеткирип коюшат. Баарына ыраазычылык айткым келет, ар дайым мени колдоп турушат. Бир дагы жолу басынтып, бөлүшкөн эмес. Классташтарым менен жүргөн ар бир күн мен үчүн кызыктуу. Алар менен жүргөндө ооруп жатканымды унутуп калам», - деди ал.

Классташтарын мактаган Акмарал сөзүн андан ары мындайча улады.

«Эсимде калганы, "American Song Contest" деген сынакка ырдап катышканда бардыгы аябай колдоо көрсөтүшкөн. Англис тил мугалими мени сынакка сунуштаган. Биздин мектепте биринчи тур өтүп, 5 окуучу катышкан. Мен биринчиликти алгам, андан кийин Ат-Башыда өткөрүлгөн. Ал жерге барып ырдап, кийинки турга өтүп, жыйынтыгында байгелүү орунга ээ болгом. Мугалимдер мени жакшы көрүшөт. Анткени алар мага "жакшы окуу, окууну таштаба, чоң окуу жайга өтүп ал. Окуп алсаң жашооңо кереги тиет" деп айтып турушат. Учурда жалаң “5” деген баага окуйм.

Бош убактымда китептерди окуп, ырдайм. Келечекте басып кетсем, эч кимге көз каранды болбосом дейм. Анан да чоң окуу жайды бүтүп, жактоочу болсом, көп тил үйрөнүп алсам деген максаттарым бар», - деди ал.

Каарманыбыз 7 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×