Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.03.2019 12:01

Ысык-Көлдө мончо менен үйдүн короосунан өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунун Көк-Төбө айылындагы үйдүн короосунан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан үйдүн короосундагы 40 чарчы метр жыгач тосмосу жана таштанды күйгөн. Кырсык отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан келип чыккан.

Ошондой эле Каракол шаарындагы мончодон өрт чыкты. Анын кесепетинен мончо менен кампанын 32 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×