Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.03.2019 08:10 Жаңыланды: 29.03.2019 13:36 На русском

«Чыныгы эркектер кайда?»: Эки уулун жалгыз тарбиялаган 27 жаштагы Айнуранын тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылынын тургуну Айнура Турсунова жолдошу таштап кеткенине карабай, аспирантурада билим алып, эки баласын өзү тарбиялап келет.

Айнура аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 1992-жылы Бостери айылында туулган.

«Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусумун. Агам жана иним бар. Атам көп жылдан бери мамлекеттик мекемеде айдоочу болуп иштейт. Ал эми апам өз кесиби менен иштеген жок. Ал өзүн соода тармагына арнады. Азыр агам чакан ишин өнүктүрүү менен алектенип жатат. Ал эми иним студент», - дейт ал.

Анын айтымында, 2010-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, андан кийин Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинде билим алып баштаган.

«Мен башында эле окуу менен ишти бирдей алып кетүүгө аракет кылдым. Өлкөдөгү телеканалдардын биринде штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеп жүрдүм. Ар кандай телепрограммаларды алып барчумун. Иштегениме карабай, университетти эң мыкты аяктадым», - дейт Айнура.

2015-жылы ал маалымат агенттиктердин биринде иштеп, аны менен бирге БГУда магистратурада билим алып, аны 2017-жылы аяктаган. Ошол эле жылы социалдык түйүн аркылуу болочок жолдошу менен таанышып, бири-бирин жактырып калышкан. Бир нече убакыттан кийин алар баш кошууну чечишкен. Үй-бүлөлүк бакыт үчүн жумушун, карьерасын экинчи планга жылдырып, аны менен бирге айылга барып жашоого макул болгон.

«Ар бир кыз ийгиликтүү турмушка чыгууну кыялданат эмеспи. Тилекке каршы жолдошум экөөбүз кыялдангандай жашоо болгон жок. Экөөбүз болгону 1,5 жыл жашадык. Ал үй-бүлөдө бир туугандардын улуусу болчу. Биздин ажырашып кетүүбүзгө кайын энемдин дагы салымы болду. Анда менин улуу балам бир жашта эле. Кичүүсү боюмда бар болчу. Ошол учурда жолдошум эч нерсе түшүндүрбөстөн эле бизди таштап кетип калды. Ал анда Алмата шаарында иштечү, мен анын бир туугандары менен жашачумун. Ошентип мен анын үйүнөн балам менен кош бойлуу кезимде кетип, өз ата-энемдин үйүнө барууга аргасыз болдум. Ал убакта жолдошум келет деп үмүт кылып жүргөм. Бирок экинчи уулум төрөлгөндө дагы келген жок. Азыркыга чейин балдары кантип жашап жаткандыгына кызыккан жок. Жашоомдогу бул окуялар мага күч берип, бир гана балдарым үчүн эмес, өзүм үчүн дагы жоопкерчиликтүү, күчтүү болууга түрткү болду», - деди Айнура.

Анын пикиринде, көп жаш жигиттер ата, жолдош макамы канчалык жоопкерчиликтүү экенин билишпейт.

«Жигиттер үй-бүлө курарда өзүнүн аялы, балдары, ата-энесинин алдында кандай жооптуу экенин билиши керек. Алар үй-бүлөлүк жашоону пландабай эле үйлөнүп алышат, жоопкерчиликти сезе билишпейт. Бүгүнкү күндө биздин коомдо балдарын жалгыз тарбиялаган мага окшош энелер көп. Күйөөлөр жөн гана жоопкерчиликтен качып кетет жана андан ары башка үй-бүлө куруп кетишет. Балдарынын жашоосу эмне болуп жатканы менен деле иши болбойт. «Чыныгы эркектер кайда? Алардын үй-бүлө алдындагы жоопкерчилиги кайда?» деген суроо мени тынчсыздандырат» - дейт Айнура.

Айнура кичүү уулуна 5 ай болгондо жумушка чыккан. Аны менен бирге Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында аспурантурада политология бөлүмүндө билим алып баштаган.

«Кудай күчтүү адамдарга сыноо берет. Мага окшогон аялдар бүгүнкү күндө аз эмес. Баарын чөкпөй, депрессияга кабылбай, алдыга умтулууга үндөйт элем. Аялзаты өзүн өзү өнүктүрүп, алдыга койгон максатын ишке ашырып, окуп, дүйнө таанып, өзү менен иштеш керек. Биз жалгыз эмеспиз, жаныбызда балдарыбыз, жакындарыбыз бар. Үй-бүлө жана бала эмне экенин түшүнбөгөн эркектер менен эле жашоо бүтүп калбайт», - дейт ал.

Учурда Айнура Ысык-Көл райондук администрациясында иштейт. Андан тышкары интернет дүкөн ачып, анда корей косметикасын сатат. Ошондой эле райондук гезитте кабарчы болуп эмгектенет.

«Улуу балам үч, кичүүсү бир жашта. Менин балдарым — келечегим. Биринчи кезекте аларды жакындарына, мекенине күйүмдүү кылып тарбиялагым келет. Алардын кыргыз элинин татыктуу уулдары болушун, кандай гана кыйынчылык болбосун ата-энесин, үй-бүлөсүн, балдарын таштабаган жоопкерчиликтүү уулдардан болушун каалайт элем. Келечекте ушундай инсандарды тарбиялаганым үчүн сыймыктангым келет», - деди ал.

Айнура келечекте аялдардын укугу тууралуу кыска метраждуу тасма тартып, мамлекеттик кызматта иштеп, өзүнүн китебин жазууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×