Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 28.03.2019 17:48 На русском

«Чыгып кет!»: Балыкчыдагы коомдук угууда өкмөттүн өкүлү тургундан чыгып кетүүнү өтүндү (видео, сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында 27-мартта өткөн коомдук угууда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров шаар тургунунан чыгып кетүүнү өтүндү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, коомдук угуу Тоң районунун аймагындагы Таш-Булак уран кенин казуу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын жүргүзгөн ишинин мөөнөттүк отчету боюнча өтүп жаткан. Жыйындын башталышында өкүлдүн орун басары Д.Моңолдоров коомдук угууга атайын түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү катышып жаткандыгын белгилеп, Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине президент атайын тапшырма бергенин жана комиссия бүгүн өзүнүн тыянагын билдирерин айтты.

Жергиликтүү тургундар эки тараптан суроолорго жооп берүүсүн талап кылышты. Комиссиянын өкүлдөрү Таш-Булак уран кенин казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча лицензияны тургундарга көрсөтүштү. Ал эми эксперттер урандын канчалык элге пайдасы жана зыяны бар экенин айтып беришти.

Жергиликтүү тургун А.Тукунов коомдук угууда сүйлөп жатып: «Биз урандын ачылышына каршыбыз жана аны иштетпөө үчүн аягына чейин турабыз. Азыр биз президент С.Жээнбековдон үмүт кылып жатабыз», - деди.

Өз кезегинде комиссиянын өкүлдөрү: «Чалгындоо — бул казып алуу эмес, бул аныктоо. Жердин кыртышын ачып, ушул жерде канча запас бар экенин эсептөө. Учурда Таш-Булактагы чалгындоо иштеринде казып алып иштеп жатышат деген жалган маалымат», - деп жооп беришти.

Коомдук угуунун жүрүшүндө шаар тургуну Таш-Булак уран кенин казуу иштерине каршы экенин айтып: «Бул жерде бизден кийин балдарыбыз дагы жашайт. Биз таза аба менен дем алышыбыз керек», деп билдирген сөзүнө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров жооп берип жатып, андан «чыгып кет!» деп талап кылды.

Жыйындын катышуучулары өкүлдүн орун басарынын мындай талабына нааразы болушту.

Таш-Булак уран кенин казуу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын курамына:

- А.Рыспеков — Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директорунун орун басары;

- Артыкбаев — Мамэкотехинспекциянын өкүлү;

- Д.Арпачиев — Тоң районун акими;

- М.Өмүров — Мамэкотехинспекциянын өкүлү;

- Сарыбаев — экперт;

- Турдумамбетова — Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис;

- А.Жанузаков — көз карандысыз эксперт;

- И.Айдаров — «Юр-Азия» компаниясынын аткаруучу директору кирген.

Буга чейин маалымдалгандай, 26-мартта Балыкчы шаарынын мэриясынын имаратынын алдына жергиликтүү тургундар чогулуп, алар Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүндөгү Таш-Булак уран чачынды кенин казууга нааразы экенин билдиришкен.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Балыкчы шаарында 20-мартта тынчтык чогулушу өткөрүлүп, анда катышуучулар Көк-Мойнок 1, Көк-Мойнок 2, Орто-Токой, Ак-Өлөң, Таш-Сарай, Оттук, Кара-Шаар, Кара-Талаа айылдарынын жана Балыкчы шаарынын тургундарынын атынан президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуу жолдошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×