Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.03.2019 17:06

Сүрөт: Караколдук Сардарбек грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону аталды

Turmush -  Кыргызстандык балбан Сардарбек Конушбаев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында биринчи орунду алды. Чемпионат ушул жылдын 21-24-мартында Моңголиянын Улан-Батор шаарында өткөн.

22 жаштагы С.Конушбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 55 салмак категория боюнча 4 атаандашын жеңген.

«Биринчи индиялык балбан менен чыктым. Аны жеңип, андан кийин казак балбаны менен мелдештим. Ошондой эле ирандык жана моңголиялык балбандар менен беттешип, аларды жеңе алдым. Атаандаштардын баары жакшы даярданышкан экен. Биз дагы жакшы даярданып барганыбызды далилдедик», - деди балбан.

Өзүнүн айтымында, ал Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында туулган, бир карындашы бар.

«Мен мелдешке кетип жатканда апама «жеңишимди сизге арнайм» деп сөз бергем. Сөзүмө турдум. Карындашым экөөбүздү апам тарбиялады. Апам дайыма мен машыккан жайга тамагын жеткирип, мелдеште утсам кубанып, утулсам ыйлап, күйөрмандык кылат. Мен эл аралык мелдештерге кетсем, уктабай күтөт», - дейт спортчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×