Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.03.2019 12:45 Жаңыланды: 28.03.2019 16:38 На русском

36 жаштагы Чыңгыз Осмоналиев Ак-Суу районунун прокурору болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Осмоналиев Чыңгыз Шаршеналиевич Ак-Суу районунун прокурору болуп дайындалды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бүгүн, 28-мартта Ак-Суу районунун активи райондун жаңы дайындалган акимин куттукташты. Аны менен бирге райондун жаңы прокурору да тааныштырылып, ага куттуктоо айтылды.

36 жаштагы Чыңгыз Осмоналиевдин дайындалышы тууралуу буйрук ушул жылдын 20-февралында чыккан.

Өмүр баяны

Туулган жылы: 1983-жылдын 14-апрели
Туулган жери: Чүй облусунун Чүй айылы

Билими:

- 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик университети, юриспруденция адистиги

Эмге жолу:

- 2008-2009-жылдары – Октябрь районунун прокуратурасы, прокурордун жардамчысы;

- 2009-2010-жылдары – Москва районунун прокуратурасы, прокурордун ага жардамчысы;

- 2010-2011–жылдары Чүй облусунун Токмок шаарынын прокуратурасы, прокурордун жардамчысы;

- 2011-2014-жылдары – Чүй облусунун прокуратурасындагы бөлүмдө прокурор;

- 2014-2015-жылдары – Аламүдүн районунун прокуратурасы, прокурордун орун басары;

- 2015-жылы Чүй облусунун прокурору;

- 2015-2016-жылдары – Чүй облусунун прокуратурасында бөлүм башчы;

- 2016-2018-жылдары – Башкы шаардык прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгында ага прокурор;

- 2018-2019-жылдары – Башкы прокуратурада кадрлар бөлүмүндө ага прокурор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×