Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.03.2019 11:26

Караколдогу дүкөн менен короодо өрт чыкты

Turmush -  Каракол шаарындагы «Береке» дүң соода дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дүкөндүн 169 чарчы метр темир чатыры жана гипсокартон шыбы күйгөн. Азыр өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле шаардын Боинский көчөсүндөгү короодо 2 сотых куураган чөп күйгөн. Өрт коңшу сарайга өтүп, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 45 чарчы метр чатыры жана 0,5 тонна саман күйгөн. Кырсык отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан улам келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×