Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.03.2019 13:14

Чолпон-Атада Нооруз майрамы белгиленип жатат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 21-мартта Ысык-Көл районунун борбору Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чаранын алкагында Умай эненин ырымы жасалып, бата тиленгенден кийин Ноорузду майрамдоо эрежелери, сүмөлөктүн жасалышы жөнүндө айтылды. Андан кийин концерттик программа тартууланды.

Жалпы тургундарды Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Сарбагышев баштаган жетекчилер куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×