Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 20.03.2019 09:45 Жаңыланды: 06.04.2019 21:45 На русском

Айыл турмушу: Тоңдук А.Иманалиевдин бактын тамырларынан жасаган өзгөчө буюмдары (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын тургуну Азамат Иманалиев жеке ишкерчилик менен алектенүүдөн тышкары ата-энеси менен биргеликте фермердик ишти өнүктүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча электр кызматкери.

«Мен Кажы-Сай айылында төрөлүп өстүм. Мектепти аяктагандан кийин аскердик кызмат өтөп, андан кийин Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен электр менен камсыздоо кесибине ээ болдум. Университетти ийгиликтүү аяктагандан кийин ата-энем менен биргеликте фермердик чарбада иштеп баштадым. Азыр айылда чакан фермердик чарбабыз бар.

Мындан тышкары, бактын тамырларынан ар кандай буюмдарды, азем белектерди жасайм. Кичинекей кезимде эле бактарга кызыкчу элем. Бирок ата-энем колуңду кесип аласың деп колума бычак карматышчу эмес. Кийин чоңойгондо бактын тамырларынан ар кандай буюмдарды жасап баштадым. Акыркы эки жылдан бери бул иш менен активдүү алектенип келем», - деди Азамат Иманалиев.

Анын айтымында, бул иш Дагестанда абдан өнүккөн.

«Эгерде бир кесим ламинат менен иштеп баштасак, андан ар кандай фигураларды жасоого болот. Бактын тамыры менен иштөө индивидуалдуу иш болуп саналат. Андан дүйнө жүзүндө ага окшошу жок өзгөчө буюм жасалат. Ошондуктан менин ишим өзүмө абдан жагат. Бул дагы искусство болуп саналат.

Азыр бактардын тамырларын өзүмдүн бакчамдан, көлдүн жээгинен, токойдон таап алып, андан сыналгы, телефон, ваза койгучтарды, отургучтарды жана башка буюмдарды жасап жатам. Бул иште мага бир тууганым жардам берет, экөөбүз эң кызыктуу фигураларды ойлоп табабыз. Буюмдар Кыргызстанда жасалганы билиниши үчүн ага улуттук орнаменттерди кошуп жасайбыз», - дейт ал.

Азамат Иманалиевдин эмгектерин көбүнчө аймактагы конок үйлөрдүн ээлери сатып алууга умтулушат. Себеби, эс алуучулардын көбү өз колу менен жасалган буюмдарга кызыгышат. Эми ал устаканасын кеңейтип, каалоочуларга бул ишти үйрөтүүнү пландап жатат.

А.Иманалиев эки уулдун атасы. Жубайы Динара анын бардык иштерин колдойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×