Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.03.2019 22:45 Жаңыланды: 03.04.2019 22:45

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк мугалим М.Кыязова окуучуларды адабий чыгармаларга кызыктыруунун сырын билет (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 44 жаштагы тургуну Махабат Кыязова 20 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алган.

«Эмгек жолумду 1995-жылы Балыкчы шаарындагы №10 мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштагам. Учурда №4 гимназияда иштейм. Билим берүү тармагында иштеп келе жатканыма 20 жылдан ашып калды. Мугалимдик кесип өтө татаал, түйшүктүү, бирок ардактуу кесип. Мен ушул мектепте кыргыз тили, адабиятынан сабак берем. Бул кесипти тандоомо мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан Табылды Алымкулов агай себеп болду. Табылды агайыбыз адабият сабагын өткөндө, класстын ичи тыптынч болуп, баарын мээбизге бат эле куюп койчу. Ал кезде азыркыдай көрсөтмө курал жок эле. Мен кийин 20 жылдыкка барганда «сиздей мугалим болдум» деп агайга айтайын десем, тилекке каршы агайымдын көзү өтүп кетиптир.

Азыр биз дагы көрсөтмө курал жасап, окуучуларды сабакка кызыктырганга аракет кылып иштейбиз. Мисалы 9-класска Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сабак өтүп жаткан болсом, окуучуларга: «Алыкул жөнүндө эмне билесиңер?» деген суроо берем. Окуучулар болсо: «Алыкул акын болгон, ал 200 сомдукта бар, кургак учук менен ооруган» деп жооп беришет. Мен доскага окуучулардын айткан жоопторун жазам. 200 сомдун үлгүсүн, Алыкулдун сүрөтүн чаптайм, ырларынын атын жазам. Муну менен окуучуларды сабакка кызыктырууга аракет кылам», - дейт Махабат Кыязова.

Анын айтымында, ал окуучуларды адабий чыгармаларды окууга кызыктырууга дагы аракет кылат.

«Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган кинонун кадр сыртындагы окуяларын окуучуларга айтып берсем абдан кызыгышат. Мисалы токой ичинде Момун чалды Орозкул жаакка чапкан эпизодду тартуу режиссерго аябай кыйынчылык жаратыптыр. Акыры Орозкулдун ролун аткарган Орозбек Кутманалиев «мотор!» деген үндү угар замат, шашып кетип, Момун чалды жаактан ары келиштире эки, үч жолу тарсылдата чаап жиберет. «Стоп! Тартылды!» дейт режиссер Болот Шамшиев. Анда аксакал катуу таарынып: «Атаңдын оозун урайын, Шамшиев өлтүрө чапкын десе, өлтүрүп салмак экенсиң да» дейт. Ал эми О.Кутманалиев: «Ч.Айтматов чыгарманы ушинтип жазып жатпайбы» деп, актанууга аракет кылып, аягында бир козу союп, аксакалдан кечирим сураган экен.

Ушул эле тасмада Нургазы ооруп, «качан Кулубек келет» деп зарыгып күткөн эпизоду тартылмак. Анан Кулубек агасы Орозкул зөөкүрдү жамбашка тебиши керек эле. Тепкенде так калсын деп бут кийимдин таманын бор менен боёп коюшат. Асанкул аксакал (Момун чал): «Ай, Чоро (Кулубек) баягы өчүмдү алып берчи! Бир табам кансын. Жамбашын жара тепчи», - дейт. «Мотор!» деген үн чыкканда Чоро аксакалдын айтканын эстеп кетип, Орозкулду күү менен келиштире жамбашка тебет. Өзүнүн буту ооруп калат. Иш бүткөндөн кийин Орозбек (Орозкул) коркутуп сүйлөбөй коёт. Ошондо Нургазынын чоң энесинин ролун аткарган Сабира Күмүшалиева: «Кокуй күн, кино тартылып бүткүчөктү эле бири-бирине таарынып бүтмөй болушту. Эми бир козу союп, агаңдын алдына түшүп кечирим сура» дейт. Ошентип козу союшуп, бири-биринен кечирим сурашкан экен.

Актер Чоро Думанаевдин эскерүүсүндө «Ак кеме» тасмасындагы Нургазы аны аябай жакшы көрүп калганы айтылган. Себеби режиссер «балага белек алып келип берип, өзүңө тарт, сени жакшы көрүп калсын» дей берет. Чындап эле Нургазы Чорону жакшы көрүп, аны ата деп калат. Чоро (Кулубектин ролун аткарган) Думанаев өзүнүн эскерүүсүндө: «Чолпон-Ата шаарында Нургазыны эс алдырып жүргөм. Ал кезде бойдок элем. Ошол учурда сулуу үч кыз жаныма келип, мени менен тааныша баштады. Мен анда таанымал актер болуп калган элем. Ошол учурда ары жактан Нургазы чуркап келип, «Ата, ата! Бул жакка жүрсөңүз» деп айтып калды. Аны көргөн кыздар: «уяты жок, таанышып коёбуз, көрсө үй-бүлөсү, баласы бар турбайбы» деп басып кетишкен» деп айтат.

Кыскасы окуучуларга чыгармалардын негизинде тартылган кинолордун кадр артында калган кызыктарын айтып берсем кызыгуулары күчөп, ошол чыгармаларды окуп калышат», - деди мугалим.

Махабат Кыязова 2011-жылы Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйланып, 2014-жылы «Жыл мугалими» сынагына катышып, Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасын алган. Анын окуучулары 2018-2019-жылдары катары менен Манас таануу сабагынан олимпиадада 1-орунду алышкан. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата видеоролик тартышып, республикада 2-орунду багындырышкан. Олимпиададан кыргыз тилинен 1-орунду ээлешкен.

Анын эки уулу бар, бири студент болсо, кичүүсү 8-класста окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×