Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.03.2019 09:52 Кыргызча

Караколдун тургунун карызын сураганы үчүн өлтүрүп салышты (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын тургунун 300 сом карыз үчүн өлтүрүп салышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы 19-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 16-мартта билдирүү түшүп, шаардын көчөлөрүнүн биринде бычактан жаракат алган белгисиз адам жаткандыгы маалымдалган. Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге тергөө оперативдүү тобу чыгып, көчөдө жаткан жаран курсак тарабына бычактан жаракат алгандыгы аныкталган. Жабырлануучу тез жардам кызматы менен Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген. Бирок жабыр тартуучу алган жаракатынан улам эртеси өзүнө келбей каза болгон.

Аталган факт каттоого алынып, КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен сотко чейин териштирүү иштери башталган.

Тергөө-оперативдүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал Каракол шаарынын 43 жаштагы тургуну К.Дмитрий экени такталган. Андан аркы териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Г.Вячеслав кармалып, ал сурак учурунда аталган кылмышты жасагандыгын мойнуна алган.

Шектүүнүн айтымында, ошол күнү өзүнүн жана каза болгон жарандын үй-бүлөсү менен үйүндө спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Бир аздан кийин Дмитрий Вячеславдын аялы менен уруша кетип, анын аялы ага 300 сом бересе экендигин айткан. Алар карызын беришерин айтканына карабай, Дмитрий урушту улантып, ал мушташка айланып кеткен. Ошол учурда Вячеслав ашкана бычагы менен аялын таарынткан Дмитрийди сайып салган.

Кармалган шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн Каракол шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт.

Шектүү

А 12(1)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×