Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.03.2019 11:33 На русском

Түптүк аял айылдашын бычактап өлтүрдү: Маркум Канат бир айдан кийин үйлөнмөк

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Түп районунун Михайловка айылында жаштардын жолугушуусу уруш менен аяктап, биринин өлүмүнө себеп болду.

Буга чейин маалымдалгандай, айылдаш жигиттер 8-мартта спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишкен. Ал жерден Канат [К.У., аты өзгөртүлдү] Нурматты [Э.Н., аты өзгөртүлдү] токмоктоп, эки күндөн кийин Канат Нурматтын апасы шилтеген бычактан оор жаракат алып көз жумду. Учурда Нурматтын апасы — Тамара [Ш.Т., аты өзгөртүлдү] адам өлүмүнө шектүү катары камакта.

Буга чейин Тамаранын кызы Лида [Л.Э., аты өзгөртүлдү] окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтып берген. Бул жолу Turmush басылмасынын кабарчысы маркумдун иниси Мирбек Усупов менен жолугушту.

«8-март күнү агам күндөгүдөй эле айылдын четиндеги сарайында болчу. Ал жакта бирөөнүн малын багып жаткан. Сабалган жигит жана дагы 2 бала унаа менен келе жатышып, менин байкемдин сарайына жакын жерден унаасы тыгылып калыптыр. Алгач унаадагы жигиттердин бири байкем жашаган сарайга барып, анын артынан экөө барган экен. Нурмат (сабалган жигит) байкемди (маркум Канат) эшиктен чакырбай эле, тосмодон секирип үйгө кирип барган. Ошол жерден экөө урушуп, байкем Нурматты сабап салган. Ал эми жанындагы экөө качып кетиптир. Шектүү аял (Тамара — Нурматтын апасы) ошол күнү баласынын сабалганын көрүп, байкеме бычак сайганда курткасына тийип, айрып кеткен. Ал учурда жанындагы адамдар арачалап калышкан. Ошол курткасын каза болгон күнү да кийип жүргөн эле.

Эртеси, 9-март күнү менин байкем менен Нурмат өз ара сүйлөшүп, элдешишет. Ошондуктан арыз жазган эмес. Кайра 10-март күнү Тамара байкеме телефон чалып, үйгө келип кечирим сурабасаң арыз жазам деген. Бул жерден атайын даярданып турганы ачык эле билинип турат. Агам барып кечирим сурап, ишти эртерээк бүтүрөйүн деп ойлогон. Ал барганда жанындагы эки бала көчөдө, унаада калыптыр. Чогуу кирели десе дагы ызы-чуу болуп кетет деп байкем болбой коюптур.

Байкемди короого сүйлөшөлү деп киргизип кетишип, бир маалда кайра бычак сайган аялдын баласы кан жалаган бойдон жетелеп чыккан. Ал жерден байкемди унаага отургузганда эле эс-учун жоготкон. Ооруканага алып барышса каза болуп калган экен.

Өлүк сактоочу жайдагы дарыгердин айтымында, бычак оң капталынан жогору көздөй сайылган. Ошол бычак боорун тешип өтүп, жүрөккө чейин кирип кеткен.

Байкем 1982-жылы туулган. 13 бир туугандын онунчусу. Буга чейин 4 эркек бир тууганыбыз оорудан каза болгон, атам да мурун эле көз жумган. Агам үй-бүлө кура элек болчу. Ушул жылдын апрель айында үйлөнөм деп жаткан. Каза болуп калган эң улуу байкемдин 3 баласын апам менен байкем багып чоңойтту эле. 2 кызы турмушка чыгып, кичүүсү азыр 17 жашта. Апам ушул байкемдин колунда болчу.

Эми күнөөлүү тарап толук жазасын алсын деп тиешелүү органдардан талап кылабыз», - деди М.Усупов.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын расмий маалыматы боюнча, КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү аял Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×