Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.03.2019 12:30

Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясында 9 ок атуучу курал алынды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган 9 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатуу иштерин алдын алуу максатында облустун аймагында үч күндүк «Арсенал» аттуу профилактикалык иш-чара жүрдү. Анын алкагында милиция кызматкерлери 1793 мергенчиден куралдарды сактоо тартиптерин текшерди. Ошондой эле ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 9 учур аныкталып, 26 протокол түзүлдү. Ээлери өз каалоолору менен куралдарды өткөрүп беришти.

Үч күн аралыгында «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө 19 кылмыштын бети ачылып, баңгизат кылмышы боюнча 1 факт аныкталып, издөөдө жүргөн 2 жаран кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×