Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.03.2019 16:44 Жаңыланды: 14.03.2019 18:02 На русском

Ысык-көлдүк аял баласын сабап салган айылдашын бычактап өлтүрдү

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылынын тургуну (аял киши) айылдашын бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен билдирди.

Тургундардын маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 10-мартында болгон. 1982-жылы туулган Канат [К.У., аты өзгөртүлдү] 1988-жылы туулган айылдашы Нурматты [Э.Н., аты өзгөртүлдү] 9-март күнү сабап салган. Ошол күнү кечинде сабалган Нурматтын 1965-жылы туулган апасы Тамара [Ш.Т., аты өзгөртүлдү] өч алуу үчүн айылдын четинде жашаган Канаттын үйүнө бычак менен барган. Бирок Канат качып кетүүгө үлгүргөн.

Эртеси, 10-март күнү Канат кечирим суроо үчүн айылдашы Нурматтын үйүнө барганда короосунан апасы чыгып, анын бөйрөк жана жүрөк тушуна эки жолу бычак менен сайган. Окуядан кийин өзү милиция жана тез жардам кызматын чакырган. Алган жаракатынан улам Канат ооруканага жетпей каза болгон.

«Каза болгон Канат 13 бир тууган. Атасы каза болуп калган. Үй-бүлөсү жок, мурда соттолгон. Ал эми сабалган Нурмат дагы Россияда соттолгон деп укканбыз. Айылга келгенине жарым жылдай болгон. Өзү үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кызы бар. Ал эми бычак сайган Тамара Россияда соттолгон деп айтышууда», - дешти айылдаштары.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы адам өлтүрүү фактысы болгонун тастыктады.

«10-март күнү саат 16:10 чамасында Ысык-Көл облустук ооруканасынан Түп райондук ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүү түшүп, Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургуну каза болгондугу маалымдалган. Түп РИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн.

Окуя болгон күнү саат 15:40 чамасында Михайловка айылынын 1982-жылы туулган тургуну К.У. дүкөнү бар айылдашынын үйүнө барып, үй ээси менен уруша кеткен. 1965-жылы туулган Ш.Т. аны бир жолу көкүрөк тушка бычак менен сайып жиберген. Анын кесепетинен К.У. оор жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон.

Бул окуя боюнча КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү аял Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Райондук соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынды», - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин маалыматында.

Кийинчерээк шектүү делген Тамаранын кызы окуя тууралуу өз версиясын айтып берген.

Шектүүнүн үйү

30

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×