Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.03.2019 15:32

«Бизнес кербени» Каракол шаарында болду (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында «Бизнес кербени» долбоорунун алкагында ишкерлердин жолугушуусу болду.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, долбоор региондорду өнүктүрүү жылына карата уюшулган. Анда Бишкек шаарынан, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарынан жалпы 40 ишкер Каракол шаарында биригип, алар менен жолугушууга бизнес-ассоциациялардын аймактагы кеңселеринин колдоосу менен 200гө жакын ишкер чогулду. Аймактардагы ишкерлердин башын бириктирген иш-чарага ишкерликти жаңыдан баштаган жана өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп жаткан ишкерлер да катышып, аймактар аралык бизнести кеңейтүү жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн табууга шарт түзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлер үчүн кардарларды табуу, рынокту изилдөө, жаңы бизнес ачуу, бизнестеги перспективдүү багыттар боюнча маалыматтар берилип, актуалдуу маселелер боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×