Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Баракелде, Дүйнө 14.03.2019 12:36 На русском

Тажикстандын чек ара кызматы Баткендеги ок атышуулар боюнча өздөрүнүн версиясын билдиришти

Turmush -  Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өздөрүнүн версиясын жарыялады.

Маалыматка караганда, 13-мартта Кыргызстан тарап өкмөттөр аралык протоколду бузуп, Ворух анклавынын аймагында Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун курулушун баштаган. Буга Ворух аймагында тургундар каршылык көрсөтүп чыгышкан. Ага жооп катары кыргыз тараптан аларга карата ок атылган.

«Ошондой эле Кыргызстандын укук коргоо органдары Тажикстандын жарандарынын унааларынын каттамын токтотуп, Исфара—Ворух жолун тороп алышкан. Мындан тышкары кыргыз чек арачылары «Оксой» (кыргызча Ак-Сай) чек ара отрядынын аймагында «Газель» үлгүсүндөгү 2 унаада бара жаткан тажикстандык 30 жаранды барымта катары кармап алышкан», - деп айтылат маалыматта.

«Кыргызстандын 50-60 жараны Ворухтун тургундарына таш ыргытышты. Анын кесепетинен Тажикстандын 11 жараны ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын чек арачыларынын билдиргенине караганда, Чоркух аймагынын Ходжа Ало кыштагынын аймагында Кыргызстандын жарандары тарабынан аңчылык куралы колдонулуп, анын кесепетинен Тажикстандын Чоркух аймагынын 1976-жылы туулган тургуну Хусейн Хакимов жүрөк тушунан жаракат алып, ооруканада каза болгон. Ошондой эле милициянын аймактык улук лейтенанты Авеззода Саидшариф санынан, 1973-жылы туулган жаран Атамов Максаджон баш жагынан жана 1973-жылы туулган жаран Аюбов Рахим бутунан жаракат алган.

Муминабаддын Чоркух аймагынын 1984-жылы туулган жашоочусу Сохибов Рахмониддин таштан жаракат алган. Мындан тышкары Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Ходжа Ало айылынын жашоочусу Муллоджонов Абдумаджиддин кампасын жана Чоркухтун Сомониён аймагындагы тегирменин өрттөп салышкан.

Учурда Ворух-Оксой чек арасында абал туруктуу жана кырдаал эки өлкөнүн чек арачыларынын көзөмөлүндө турат деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тажик чек арачыларынын маалыматында: «Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Исфара шаарынын Заравшан тилкесинде Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын орун басары Баховаддин Баходурзода менен Кыргызстандын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деп айтылат.

Кыргызстан тараптын версиясы:

Кечээ, 13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да аткан болчу.

Андан кийин саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар болгон.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ага операция жасалып, абалы оор экендиги белгилүү болгон.

14-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, саат 10:00го карата Таш-Тумшук айылында 1 үй, «Ауди» үлгүсүндөгү 1 унаа, жана кыргызстандык жарандын «КамАЗ» унаасынын чиркегичи күйгөндүгү такталды. Төрт-Көчө аймагында жолду тоскон тажикстандыктар өрт өчүрүүчү унааны кое бербей койгон.

Кечээ, 13-марттагы чатакта тажикстандык жарандар Баткен районунун Орто-Боз айылындагы тургундун сарайын өрттөп салышкан. Чек арадагы абалга байланыштуу чек арачылар күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздук сактап жатышат. Баткенде азыр Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары К.Исаков жүрөт. Бүгүн эртең менен Баткенге тажик тарап менен сүйлөшүү үчүн чек ара кызматынын полковниги Уларбек Шаршеев учуп кетти.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, облус жетекчилери, укук коргоо органдары Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара—Ворух (Тажикстан) унаа жолун ачтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×