Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.03.2019 11:22 Жаңыланды: 17.03.2019 13:50

Айыл турмушу: Чебер А.Молдогазиева 20 кыздын себин даярдап берди (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын тургуну Айгүл Молдогазиева кол өнөрчүлүк менен алектенип, айыл элине кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1967-жылы туулган. Кол өнөрчүлүктү кичинекей кезинде эле чоң энесинен үйрөнгөн.

«Жаш кезимде чоң энемдей уз болуп, кыздарга кыялындагыдай көйнөктөрдү тигип берсем деп тилечүмүн. Кийин тигүүчүлүк боюнча билим алган соң, Каракол шаарындагы тигүү фабрикасында иштеп баштадым. Кийин турмушка чыгып, 5 баламды тарбиялап үйдө отуруп калдым.

Алар чоңойгондон кийин сүйүктүү ишимди улантып, долбоор аркылуу тигүүчү машиналарды алдык. Азыр эки тигүүчү менен айыл элинен буйрутмаларды алып, иштеп жатабыз. Ушул убакка чейин 20 кыздын себине керектүү жууркан, төшөктөрдү жасап бердик. Азыр айылдаштарым дагы кездемелерди алып келип, сепке керектүү жууркандарды жасатып жатышат. Алардын ар бирин 50 сомдон тигип, 180 сомдон каптап беребиз.

Мындан тышкары, азыркы заманбап кыргыз чыптамаларын тигип, аларды 1000-1200 сомдон сатабыз. Ал эми окуучуларга кыргыз көйнөктөрдү 400-500 сомдон тигип беребиз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×