Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.03.2019 15:31

Ысык-Көлдө 500дөн ашык ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартышты

Turmush -  Ысык-Көл облусунда бүгүнкү күндө 500дөн ашык ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу 13-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн облустук коллегияда өкүлдүн орун басары Элмира Үсөнова билдирди.

Анын айтымында, ата-энелердин көбү диний көз караштан улам балдарын эмдетүүдөн баш тартышууда.

«Облус боюнча 500дөн ашык баланын 363ү 1 жашка чейинки балдар түзөт. Ата-энелердин көбү диний көз караштан улам баш тартып жатышат. Жалпы 500дөн ашык баланын көбү тактап айтканда 156сы Каракол шаарында, 110у Ак-Суу районунда жана облустун башка аймактарында жашашат», - деди ал.

Маалым болгондой, коллегияда 2018-жылдагы кылмыштуулук менен күрөшүү багытында жасалган иштердин, экстремизм жана диний радикализмге каршы туруу иштеринин жыйынтыгы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын аткарган иштери талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×