Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.03.2019 12:26

Ысык-Көлдө 37 аял «Баатыр эне» орденин, «Эне даңкы» медалын албай калган (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунан «Баатыр эне» орденин алууга 82, «Эне даңкы» медалын алууга 57 арыз тапшырылып, анын ичинен 37 аял сыйлык албай калган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн коопсуздук боюнча коллегиясында айтылды.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-январына карата «Баатыр эне» орденин алууга 82 жана «Эне даңкы» медалын алууга 57 аял документ тапшырышкан. Бирок район жана шаарлардагы тиешелүү жооптуу кызматкерлер тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө» нускаманын талаптарына ылайык иш алынып барылбагандыктан облус боюнча 37 эненин (19 «Баатыр эне», 18 «Эне даңкы») документтери кайрадан кайтарылган.

Алсак, Тоң району боюнча - 8, Жети-Өгүз району боюнча - 10, Түп району - 12, Ысык-Көл району - 4, Ак-Суу району - 2 жана Балыкчы шаарынан 1 документ өтпөй калган. Жыйынтыгында облустун аймагынан баардыгы болуп 37 эне мамлекет тарабынан берилүүчү сыйлыктарга ээ болбой калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×