Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.03.2019 11:21

Караколдо муниципалдык күнөсканага 8 миң гүлдүн уругу себилди (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында биринчи жолу муниципалдык күнөсканага гүлдөр олтургузула баштады. Бул тууралуу Жашылдандыруу ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, күнөсканага петуния гүлүнүн 8 сорту олтургузулду.

«Азыр 28 миң даана гүлдүн уругу себилди. Аларды март, апрель айында күнөсканага өстүрүп, май айында шаарга тигебиз», - деп билдиришти мекемеден.

Быйыл 220 миң сомго муниципалдык күнөскана курулуп, ишке берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×