Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 13.03.2019 10:55

«Арсенал» операциясы: Тоңдун тургунунан ок атуучу курал табылды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 11-марттан 13-мартка чейин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен «Арсенал» аталышындагы каттоодо жок ок атуучу куралдарды аныктоо иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында Тоң районунан 1978-жылы туулган Туура-Суу айылынын тургуну К.Р.Т.нын үйүнөн каттоодо жок сайсыз 16-калибрдеги ок атуучу курал табылды. Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин аталган жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралын укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берди. Жаңы кабыл алынган Кылмыш-жазык кодексинин 253-беренесинде «ок атуучу курал-жарактарды ыктыярдуу өткөрүп берген адам, аталган беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деп көрсөтүлгөн.

Андан тышкары Тоң РИИБдин каттоосунда турган мергенчиликти сүйгөн жарандардын курал-жарактарын сактоо эрежелери жана пайдалануу мөөнөттөрү текшерилип, КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык протоколдор толтурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×