Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.03.2019 17:03

Ысык-Көлдө 100 жылдан бери өскөн эгиз бактарга дайыма жаш жубайлар барышат (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы эки жерде эгиз бактар өсөт.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эгиз бактардын бири айылдын батыш тарабындагы жолдун жээгинде, экинчиси тоо тарапта жайгашкан.

«Бул эгиз бактарга 100 жыл болду. Тоо тараптагы эгиз бактар айыл тургуну Сүйүнбек Керимбаевдин чарбасында жайгашкандыктан, ал бактардын жанын көрктөндүрүп, туристтер көрүп кетчү жерге айлантсам деп турат.

Ал эми жол жээгиндеги эгиз бактардын жанына дайыма жаңы үйлөнгөн жубайлар келип, эгиз балалуу болууну тилек кылып кетишет», - деп билдиришти айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×