Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.03.2019 14:58

Жети-Өгүздө таяк тартыш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында таяк тартыш боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага 100дөн ашуун өспүрүм катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Таяк тартыш боюнча башкы калыс Марат Раматов Ысык-Көл облусунда спорттун бул түрүнө кызыккан өспүрүмдөрдүн саны көбөйүп жатканын айтат.

«Буга чейин бир катар чет өлкөлөргө барып, эл аралык мелдештерге катыштык. Көбү таяк тартышка кызыгып, анын жаралуу тарыхын дагы сурашат. Ысык-Көлдүн командасы мелдештерде ийгиликтерди жаратып келе жатат. Жыл сайын спорттун бул түрүнө кызыккан өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Бул ирет дагы мелдеш өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүп жатат», - деди Марат Раматов.

Мелдештин соңунда алдыңкы оюнчуларга кубок жана медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×