Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуТоң району 12.03.2019 14:31

Ысык-Көлдүн жетекчиси А.Осмоналиев Тоңдун Б.Мамбетов айыл аймагындагы көйгөйлөрдү жеринде көрдү (сүрөт)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев 11-мартта Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына иш сапары менен барды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, облус жетекчиси «Ысык-Көл балыгы» ассоциациясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Эшперов айылында жаңы курулган 50 орундуу бала бакчада болуп, «Үч чака» таштандыларды иргеп чыгаруу долбоору менен жеринде таанышты. Ошондой эле Ак-Сай айылына барып, 3 сааттык бала бакчанын иши менен жеринде таанышып, тарбиячылар айткан көйгөйлөрдү чечип берүүнү убадалады.

Мындан тышкары, Б.Бамбетов айыл аймагынын үстүнкү айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда Жер-Үй айылын 2013-жылы катуу сел каптап, анын кесепетинен көптөгөн айдоо жерлер кум астында калганын жана дагы сел келүү коркунучтары бар экени айтылды. ӨКМдин Тоң районундагы бөлүмүнүн өкүлдөрү селден коргоочу 1 чакырымдан ашык дамба куруу керектигин, анын жалпы сметалык баасы 39 млн сомду түзөрүн айтышты.

Андан соң, облус жетекчиси Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы мектептин абалы, жаңы мектептин курулушунун долбоору менен таанышты. Ошондой эле Көк-Сай айылындагы мектептин абалын көрүп, ФАПтын курулушуна күбө болду. Мындан тышкары, ал Чокмор-Ата суу сактагычы курулуп жаткан жайга дагы барды.

Соңунда өкмөттүн өкүлү Эшперов айылындагы спорт сарайында Б.Мамбетов айыл аймагынын тургундары жана активи менен жолугушуп, көйгөйлөрдү укту. Өкүл айтылган сунуш, пикирлерди эске аларын белгилеп, айтылган көйгөйлөрдү чечүүнү жана айрым маселелерди кайра карап чыгууну убадалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×