Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.03.2019 17:34

Балыкчынын борбордук көчөсү 1000 тоннадан ашык таш менен кооздолду (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын борбордук Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү унаа жолдун чыгыш тарабындагы бөлүгү кооздолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.Асаналиевдин айтымында, тендерден «Вилла» ЖЧКсы 8 млн 543 миң 685 сом утуп алып, курулуш иштерин жүргүздү.

«Бул жерге сугат маселесине байланыштуу чөп өстүрүү мүмкүн эмес болгондуктан ушундай майда таш менен көрктөндүрүү колго алынган. Ал жерге 700 тонна боёлбогон, 400 тонна боёлгон майда таш, 4000 чарчы метр геоторчо, 125 метр куб бетон, 8000 кг майда таш боёочу материал пайдаланылды», - деди А.Асаналиев.

Ал эми шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык мекемесинин кызматкери К.Саманчиев жолдун жээктерин, тротуарларын темир тосмолор менен тосуп жатышканын айтып: «Ага болжол менен 320дай темир тосмо керектелет. Жасалган жолдун эки жагы 640 метрди түзөт», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×